СОЙКУЛАР МЕНЕН БИР КҮН

Сойкулукту тизгиндегенге аракет кылымыш болуп жатышкандары менен шаардын ар кайсы бурчуна туруп алышып денесин саткан кыздардын саны азаймак түгүл, тескерисинче, көбөйгөндөн көбөйүп барат. Ушундан улам бул теманы дагы бир ирет козгоп, бирок, бул ирет андай кыздардын ролун өзүбүз ойноо менен бирге бул оор тапшырманы аткарып көрмөй болдук. Бир кездеги агайдын лекциясын да эстеп дем-күч алып алдык. “Журналист деген биринчи кезекте актёр болушу керек, алкаш менен сүйлөшөм десең, бир бөтөлкөңдү коюнуңа сала бар, куру барсаң, куру кайтасың. Президентке барсаң, ошол деңгээлде башыңдан аягыңа чейин даяр болушуң керек”,- деген эле агай сөзүндө.

Кеңседе бир сааттай кейпибизди келиштирдик: кийме чачтарды кийип, көз айнек тагынып, таанылгыс болуп боёнуп да алдык. Бир чети “кайсы бир журналисттей болуп тиши жок калбасак экен...” деп санааркап да жаттык. Ошентип, “чү” дегенде эле сүрөтчү, айдоочу, жансакчылар жана эки кабарчы болуп шаар тургундарына белгилүү жай – “Достук” мейманканасынын тегерек четиндеги кыздарды көздөй багыт алдык. Машинадан түшкөндө буттарыбызды майда калтырак баса гезит салып көк чөптүн үс­түн­дө отурган эки аялга басып бардык. Божомолдообуз туура эле чыкты. Булар “мамашалар” экен. Биз аларга жетелекте эле “иштегени келдиңерби?” деген суроо узатышты.
– Ооба, бизди кошуп албайсыңарбы?
– Иштеп көрдүңөр беле?
– Жок, биринчи жолу келип жатабыз.
– Канча жаштасыңар?
– Мен 23тө, курбум 25те.
– Жашаган жериңер барбы?
– Жок.
– Анда биз менен деле жашасаңар болот. 4-5 кыз болуп жашайбыз. Акчасы “пополам”. Биякта иштегенде да түшкөн акчанын жарымы бизде калат.
– Бир күндө тапкан акчабыз канча болот?
– Эми жанталашып жакшы иштесеңер, жакшы табасыңар. Орточо эсеп менен бизден артканы күнүнө миң сомдун тегерегинде болот.
– Клиентти кайдан табабыз, силер таап бересиңерби?
– Бул жерге туруп өзүңөр чакырып турасыңар. Клиент менен биз өзүбүз сүйлөш­көндөн кийин акчасын алып калабыз да, силер тигилер менен кете бересиңер. Аларга шарттарды түшүн­дүрүп берүү – биздин милдетибиз. Силер көнгөнчө жаныңарга бир кыз кошуп беребиз. Чогуу барып-келип турат. Андан кийин өзүңөр эле иштей баштайсыңар.
– Эже, бат эле көнүп кетсе болобу?
– Ой, жакшы иштеп клиенттин көңүлүн алганды үйрөнүп алсаңар эле болду. Анан өзүңөрдүн иштегиңер келип калат. Шаарда биртуугандарыңар жокпу? Келип калышпайбы? Бизде кээде туугандары келип чачтан сүйрөп сабап алып кетишет. Орто жолдо биз күнөө­лүү болуп калабыз.
– Жок, алыскы туугандар эле бар. Эже, мен кызмын да...
– Чын элеби? Апе-ей, кой анда. Андайлар менен иштешпейбиз. Кантип иштейсиң анда? (Экинчибизге кайрылып) Сен да кызсыңбы?
– Жок, мен жигитим менен жашагам.
– Азырчы?
– Жок, урушуп кеткенбиз. Эч ким менен жашабайм.
– Анда сен деле кыз болуп калган турбайсыңбы...
– Эже, мен “кыздыгы барларды кымбат алышат” деп уккам. Ошентип клиент менен сүй­лөшсө болобу?
– Болот. Андай деле бар. Бирок, бизде жок. Аны тиги гезиттердеги жумуштарга барып сурагыла. 1000 доллар берет экен. Анын жарымын клиентти таап бергендер алышат.
– Биз аябай акчадан кыйналып жаттык эле, эже, силер эле жумушка алып алгылачы?!
– Кыз эмес болсоң алмакпыз. Подружкаң иштесин анда.
– А менчи?
– Сен кафелерге барып иште. Бизге деген мына мобул кызга окшогон (жанындагы кызга кол шилтеп) күйөөдөн чыккан, балалуу немелер келишет. Кыз бойдон алып, балээге кала албайбыз. Анан менттер билип калышса, бизге арыз түшөт.
– “Кызмын” деп мен кимге айтмак элем?
– Ой, ошол кыз менен болгон киши эле айтып коёт.
– Мындай учурлар болду беле?
– Болбой анан, э-эй, эмнелерди гана башыбыздан өткөргөн жокпуз... “Сутенёрлор зордоп эле салып берди” дегендер да болот. Эми биз кардар жумушка келээрде расписка алабыз “өз каалоом менен” деген.
– Эже, эгер милицияга кармалып калсак кандай болот?
– Коркпой эле койгула, өзүбүз чыгарып алабыз. Ай, силер көп кыйналбай “одиночка” болуп эле иштебейсиңерби?
– Ал кандай болот?
– Сексуалдуу кийинип алып атайын точкаларга барып, ары-бери баса бергиле. Анан силерди өзүлөрү эле таап алышат. Же болбосо сауналарга баргыла. Мына ошол жерден кыздыгыңды алдырып кел, анан мен жумушка алайын (каткырып күлүп калды). Бирок, ал жерден бул кызматтын бардык түрүн жасаганга мажбур кылышат. Ал эми бизде, айттым го, мусулманча эле.
– Мусулманча деген кызык экен, ал кандай болот?
– Ал обычный катнаш, бизден башка жерлерде оозуна алдыртып, артыңа да сайышат.
– Эже, биз силер менен эле иштейли, эптеп бирдеме кылбайсызбы?
– Анда мындай кылалы, бир мейманканада сага жумуш бар. Мейманкананын шейшептерин жууп, тазалап, клиенттерди жайгаштырып турасың. Ал эми курбуң иштей берет биз менен.
– Айлыгы канча?
– Бир жарым миң сом.
– Ий, эже, ал эмнеге жетет?
– Анда айтып атам го, жигитиңе кыздыгыңды алдырып кел, анан сөзсүз алам. Просто жалко болуп жатат. Мурда менде бир Жанна деген кыз иштечү. “Тиктирбей эле кой” десем болбой: “Кайынжуртума уят болом”,- деп жаматып алып күйөөгө тийген. Мына, эми бала төрөй албай кыйналып жүрөт. Тиктиргенде деген жыныстык органдарың чочуп калат экен. Эртеңкиге чейин ойлонуп көргүлө да, саат төрттөрдө келгиле. Макулбу?
– Мейли, эже, эртең келели. Жакшы калгыла.
Айланкөчөктөй болуп жанатан бери бизди тегерете карап, сөз­дөрүбүздү тыңшап турган беттери капкара болуп күйгөн кыз бизди узата басып, “мен азыр буларды узатып, жакшылап таанышып келейин” деди эле, ары жактан “мамашасы”: “К***дү кысып, клиент кара!”- деп бакырганда, ал кылчак-кылчак бизди карап эле калып калды. Ичибизден “өх” дей түштүк. Баятан бери улам-улам бизди жаман көзү менен жекире карап жатканынан эле кандайдыр бир кызгануу сезими байкалып турган.
Андан аркы сапарыбызды Правда көчөсүндөгү популярдуу көпү­рөнүн үстүнө тарттык. Бул жерден эми кардар күткөн кыздардын ролун аткарып, баягы “мамаша” айткандай, “одиночка” болуп иштеп көрүүнү чечтик. Биз эрте келип алганбызбы, айтор, эч ким деле көрүнбөйт. Машинадан түшөөрүбүз менен басканыбызды өзгөртүп, чоңураак бактын жанына келип туруп калдык. Бир мүнөт өтпөй эле “Ауди 100” үл­гү­сүндөгү машина келип токтоду. Бизди бир сыйра сынай караган ичиндеги эки жаш бала:
– Кыздар, канча турасыңар?- деп суроо узатышты.
– Саатына миң сом.
– Ой, эмне мынча кымбатсыңар?!
– Азыр баары кымбаттады, ошол үчүн.
– Эй, реально кылбайсыңарбы, потолокту тебе бербей! Биз деле өтө бай эмеспиз.
– Жок, түшө албайбыз.
– Давай, беш жүздөн кылгыла, кеттик. Жакыныраак келсеңер?!
Аңгыча жанында отурган жолдошу ары жактан бизди сүрөткө тартып жатышкан кесиптештерибизди байкап калдыбы, ымдаша калып эле «кош» дегенге жарабай «зуу» коюшту.
Булар кетээри менен эле дагы бир такси келип токтоду. Ичинде орто кызып калган орус улутундагы эки жигит. Ал эми таксист кыргыз экен. Кыязы, ошол таксист “кыз таап берем” деп милдеттеме алган окшойт, биз менен соодалаша баштады.
– Кыздар, канча турасыңар?
– Саатына беш жүз.
– Бизге бир түнгө эки балага бир кыз эле керек. Бир түнгө канча?
– Бир жарым миңге чейин.
“Оо, кымбат сурап жатасыңар” дегиче болбой чала-була кыргызча сүйлөгөн орус: “Меники чоң, жакшы”,- деп машинадан түшө калып, бизди кармалап көрүүнү чечтиби, колун сунуп келе жатканда эликтей секирип чочуп кеткенибизди көрүп, түшүнбөгөндөй карап калды.
– Биз түшө албайбыз.
– 800 кылалы, анын үстүнө, тамак-аш, ичимдикти кенен алабыз.
– Жок.
Биздин абалдан чыга албай калганыбызды машинанын ичиндеги жансакчыларыбыз байкаштыбы, жакындап келе жатышты эле: “Ой, постоянные клиенты!”- деп машинаны көздөй чуркадык.
Андан соң “жер алмаштыралы” деп чоң трассанын жанына келип турдук. Бул жолу тажрыйбалуу сойку кыздардай болуп колдорубузду бөй­рөккө алып ары-бери басып, өтүп жаткан машиналарды өзүбүзгө тартуунун аракетинде болдук.
Аңгыча болбой бир машина токтоп калды. Алардан ар кандай шылтоолорду айтып эптеп кутулсак, дагы бири келди. Анан дагы бири... Кыскасы, ар бир эки мүнөт сайын бирден машинаны узатканга үлгүрүп жаттык.
Эми “Сүйкүмдүү кыздар жогорку маяналуу жумушка алынат” деген гезит беттеринде жаандан кийинки козу карындай жайнап кеткен жарыяларга чалып, кыздыкты кандай жолдор менен сатууну сураштырдык.
– Алло, мен жарыя боюнча чалып жаттым эле.
– Чоң кыз, бизде толук интим.
– Мен кыздыгымды сатайын дегем...
– Аа, а сен канча жаштасың?
– 18де.
– Чоң кыз, азырынча мындай клиенттер жок, мындан эки күн мурун эле сурашты эле. Мен ал кишини издеп көрөйүн.
– Баасы канча болот?
– Негизи, бизде 1000 доллар. Анын 30 пайызын клиент таап берген киши алат.
– Мен качан келейин?
– Сен мага телефонуңду таштап кой, мен табаарым менен эле сага чалам.
Оюма биринчи келген сандарды айтып, трубканы койгончо шаштым.
Кичинекей шаарыбыздын ар кайсы булуң-бурчтарында, ар кандай турак-жайларды мейманканага айлантып, денесин сатып иштөө да бир чоң бизнеске айланганын аз убакыттын ичинде болсо да окурмандарга чагылдырып бергенге аракет кылдык. Урматтуу кыргызымдын кыздары, биз денесин саткан кыздардын ролун ойногондо эле бул кесиптин эң балит экенин сездик. “Мындай ишке баргыча, бирөөнүн дааратканасын жууп иштеген өйдө эмеспи” деп ойлойт экенсиң.

Даярдаган Венера Камалова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Damirbek-KG
2015-10-08 16:09:16
Ошол ХХХХ кандай эркек барат болду экен. Эркектин ХХХХ да көп турбайбы.
+1
admin_superstan
2015-10-08 16:23:52
Damirbek-KG, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
№ 293, 13-19-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан