9-сентябрь – орозонун акыркы күнүндө шоумен Бакыт Байсариев кыздуу болду. Ата болуп сүйүнгөн Бакыттын жакын достору Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев, Максат Бегалиевдер аяш кызын жууп, түнү бою №5-төрөт үйүнүн эшигин таптап чыгышыптыр. Жарык дүйнөгө келген наристенин салмагы 4 килограмм 500 грамм, бою 56 сантиметр. Ошентип, кубанычы коюнуна батпаган Бакыт жакын санаалаштарына сүйүнчүлөп, кызына ат тандоо менен алек. Биз да кичинекей наристеге таттуу балалык каалайбыз.