АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ООР КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ
2010-жылдын 13-июнь күнү Ош облусунун Нариман айылында эки милиция кызматкери жырткычтык менен өлтүрүлгөн. Кара-Суу РИИБинин начальниги, милициянын полковниги Адылбек Султановдун денеси өрттөлүп, анын айдоочусу, старшина Уран Шамурзаевдин башы кесилген.
Бул оор кылмышка айыптуу деп шектелген жаран табылды. Ал буга чейин эл аралык издөөдө жүргөн 22 жаштагы Азизулла Таширов болуп чыкты. Оперативдүү топтун тынымсыз иш-аракетинин аркасында кылмышка шектүү адам Казакстандын Бурундай деген айылында кармалган.
Оор кылмышты жасаган дагы бир нече адам эркиндикте жүргөнү дайын болуп, учурда алар изделүүдө. Ал эми айыпталуучу Азизулла Таширов тергөөдө.

ТУРСУНБЕК АКУНДУН АТЫНА ЖАМЫНЫП...
Бишкек шаарында "алдамчылык менен алектенген" деп шектелген эки аял кармалды. Жабырлануучулардын арызы боюнча, эки аял аларды “жер сатабыз” деп алдап кетишкен. Акыйкатчы Турсунбек Акундун атына жамынган алар “жерге муктаж болгондорго Турсунбек Акун жардам кылып жатат” деп алдашкан. Натыйжада, эки жарандан 25 миң доллар алып, из суутушкан. Бул кылмыш иши боюнча айыпталуучулар тергелүүдө.

АДАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨКӨР ТАБЫЛДЫ
2010-жылдын 12-июнунда эки улуттун ортосундагы чырдан улам белгисиз адамдар Бирдик айылынын тургуну К.Аны сабап кетишкен. Катуу жарааттан улам К.А. ошол жерден жан берген. Кылмышка шектүү деп Базаров Жахангир Садыкович кармалды. Ал бул кылмышты жалгыз кылбаганын, анын жанында Дилшотбек, Азизилло, Жамшид жана Обид деген шериктери болгонун айтып, кылмышын моюнуна алган.
Кара-Суу райондук сотунун чечими менен Ж.Базаров 23 жылга эркинен ажырады. Ал эми анын шакирттери издөөдө.

ТАРТИП САКЧЫЛАРЫНА КОЛ САЛЫНДЫ
Токтогул районунун Ак-Жар айылында кара куурай жыйнап жаткан жеринен бир нече адам кармалган. Айылдаштарынын кармалганына ызаланган, бетин кара чүпүрөк менен жаап алышкан айылдын 50 атчаны кылмышкерлерди алып кетип бара жаткан милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Алар кылмышкерлерди бошотуп алып, милиция кызматкерлерин өрттөп жиберүүнү көздөшкөн. Ушул учурда жетип келген опертоптун жардамы менен милиционерлер аман калышкан. Алардын айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү деген 8 адам азыр камакта.

101 билдирет

ПАВИЛЬОН ӨРТТӨНДҮ
6-сентябрда Бишкек шаарынын Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гамбургер сатылуучу чакан павильон өрттөнгөн. Өрттүн залалынан павильондун ичи толук күйүп кеткен. Өрттүн электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыкканы дайын болду.

ШИРЕҢКЕНИН АЗАБЫ, АЙ!
3-сентябрда Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылында Н.Кга тиешелүү үй өрттөнгөн. Үйдүн 75 чарчы метр чатыры, 80 түк чөп, 10 мүшөк көмүр, 50 боо жүгөрү күйүп кеткен. Өрт 7 жаштагы баланын ширеңке чагып ойногонунан улам келип чыккан.

ҮЧ ҮЙ ӨРТТӨНҮП КЕТТИ
7-сентябрда Кара-Балта шаарындагы Казарма көчөсүндө жайгашкан Г.Вакулинага тиешелүү үй күйүп кеткен. Өрт 200 чарчы метр аянтты каптап, жанындагы коңшу үч үйгө жармашкан. Өрттүн эмнеден чыкканы такталууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан