Президент Роза Отунбаеванын кезектеги кадамы коомчулук арасында талаш-тартышты жаратууда. Ал “Экономикалык кылмыштарды жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө” буйругуна кол койду. Буга ылайык, 1-октябрга чейин экономикалык кылмыш жасагандар казынадан уурдаган акчаны кайтарып берсе, алар жаза тартуу жоопкерчилигинен бошотулушат. Андан сырткары кылмышкерлер жакынкы 5 жыл ичинде саясатка аралашпай турган болот.
Өлкөнүн экономикасын жолго салууга 1 миллиард доллардан ашуун каражат керектиги айтылган. Бирок донорлор аны парламенттик шайлоодон кийин гана берерин кыйытышкан. Мындай кадам мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарга оңой жазадай туюлат. Бирок өлкөнүн бюджетиндеги чыгашалардын күндөн-күнгө өсүп, чоңоюп бараткан тешигин бүтөөнүн амалындай элес калтырат.
Маалымат үчүн: «Экономикалык кылмыш жасаган» деп айыпталып жаткан белгилүү аткаминерлердин катарында мурунку өкмөт башчылар Николай Танаев жана Игорь Чудинов, экс-министрлер Сапарбек Балкыбеков, Турсун Турдумамбетов, Нурлан Сулайманов менен экс-мэр Нариман Түлеевди кезиктирүүгө болот. Кайдан байлык топтогону белгисиз болгон бул аткаминерлерди кармап, казынадан алганын кустуруп алуунун өзү да бир топ түйшүк. Ал күч органдарынын, соттун колунан келер бекен?