8-сентябрь күнү “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева БШКда тизмени каттатып жүрүп, кан басымы кескин көтөрүлүп кеткен. Өзү менен байланышка чыксак, ал ооруканада экенин жана БШКда жүргөн жеринде жүрөгү ооруп кайрылганын билдирди. Анын айтымында, БШК аталган партиянын тизмесин каттоодон өткөрүүдө тоскоолдуктарды жаратып, партиянын лидери соңунда аябай кабатыр боло баштаган. “Биздин тизмедеги Болот Жанузаков жана Александр Танаевди каттабайбыз деп чыгышты, бирок бул мыйзамсыз”,- дейт Т.Үмөталиева. Андан сырткары лидер айым телефону жашыруун уктурууда болуп, анын батареясын бат-баттан алмаштырууга аргасыз болуп жаткандыгын кошумчалады.
Маалымат үчүн: “Жашасын Кыргызстан” партиясынын тизмеси БШК тарабынан 4 адамга кыскарып катталган. Алардын айтымында, тизме гендердик талапка жооп бербей калган.