ЖЫЛДЫЗДАРДЫН КОНЦЕРТ АЛДЫНДА КОЙГОН ТАЛАПТАРЫ

Атактуу жылдыздардын жер шарын кыдырып гастролдоп жүрүшү бир топ түйшүк жаратаары талашсыз. Атакка мас болгон жылдыздардын чыргоолуктарына чыдап, алардын боло турган концертин уюштуруу оңой иш эмес. Себеби, дүйнөгө аты таанымал адамдардын атагына жараша өзүнүн кызыкчылыгы үчүн койгон талаптары чоң. Ал талаптардын айрымдары таңкалтырса, кээбирлери күлкүңдү да келтирет...

АЛЛА ПУГАЧЁВА
Орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёванын жер-жерлерге концерт коюу алдында концерт уюштуруучуларына койгон талабы толугу менен 13 баракка араң батат. Анда концерт коюлуучу күндөрдүн ичинде ырчыга керек болгон диван, күзгү, кийим үтүктөөчү такта, эки кийим илгич, даарат кагазы, мөмө-жемиш, колбаса, 10 бөтөлкө газдалбаган суу, чай, кофесине чейин жазылган. Алланын концертин бир ирет уюштуруп көргөндөр кийинкисинде өздөрү билип эле 13 барактан турган талаптардын тизмесин сурашат жана алгач эле андагы жаңы талаптарга көз чаптырышат.

ЖЕННИФЕР ЛОПЕС
Латынамерикалык сулуу айым Женнифер Лопестин балалыгы жупуну эле болгонун билебиз. Андыктан, атактуу актриса өзүнүн бир кездеги жетишпеген турмушун унутуу максатында учурда өзгөчө шартта турмуш кечүүнү көздөйт. Чыргоолонгон ырчыны концертке чакыруу үчүн концерт уюштуруучулары эң биринчи аны гардения гүлүнүн жыты менен тосуп алып, анын буту баскан бардык жерди, айрыкча сахнаны ушул гүлдүн аңкыган жытына бөлөп туруулары зарыл. Андан кийинки талабы, Египеттен алынып келинген, пахтадан ийрилип, колго токулган кездемеден жасалган ак шейшептин болуусу кажет. Каратору сулуунун талаптары муну менен эле чектелбейт. Концерт бүтүп, ырчы кайра кеткичекти анын кол алдында мурда бир топ атактуу адамдарды кайтарган ишенимдүү жансакчылардын болушу шарт.

ВЕРКА СЕРДЮЧКА
Верка деген ысым менен өзгөчө стилде сахнага чыгып жүргөн ырчы жигит Андрей Данилконун да концерт уюштуруучуларына койгон талабы өзгөчө. Андрей: “Мен кайсы жерде гана концерт бербейин, сөзсүз кийинүүчү бөлмөдө бир-эки үйлөтүлгөн жасалма көкүрөк, анан ар кайсы жанрдагы 100 гезиттин жаңы саны болууга тийиш!”- деп талап коёт. Жумасына жүз гезит чыкпаган өлкөлөргө барса, Сердючканын кандай талап коёо­ру белгисиз.

«BACKSTREET BOYS» тобу
Бардык эле атактуу ырчылардын чыргоолугу боло бербейт. Айтайын дегенибиз, канча атактуу болсо да өздөрүн катардагы адам экендигин унутпаган таланттуу инсандар да бар. Мисалы, “Backstreet Boys” тобунун жигиттери концерт уюштуруучуларынан концерт башталаардын алдында ачка болбошу үчүн болгону жер жаңгак майы кошулуп жасалган 24 даана сэндвич сурашат. Ал эми калган керектүү буюмдарын ырчылар өздөрү ала жүрүшөт.

БРИТНИ СПИРС
Акыркы кезде Бритни Спирстин жеке турмушу өз нугунан тайып турган убагы. Ошентсе да ырчынын концертине күбө болуу бактысы үчүн бар байлыгын аябаган күйөрмандары жок эмес. Мындай концерт уюштуруу маалында ырчы кыз да өзүнүн эркелигин көрсөтпөй койбойт. Анын бир гана талабы бар. Бритни кайда гана концерт койбосун, күч-кубаттуу кайтаруучулары менен 7 гримдөөчү бөлмө даяр болууга тийиш. Жалгыз башына мынча көп гримдөөчү бөлмөнүн эмнеге керек экендиги көпчүлүккө сыр.

РИКИ МАРТИН
1999-жылы “Livin` La Vida Loca” деген ыры менен дүйнө элин толкуткан америкалык ырчы жигит Рики Мартиндин белгилүү боло баштагандан бери талабы бирөө гана. Ал – ырчы кайда гана болбосун, барган жеринде саргыч өңдүн курчоосунда болуусу керек. Андыктан, Рикинин концертинин сахна жасалгасынан да, гримденүүчү жайынан да, конок үйүндөгү номеринен да саргыч түстү ар дайым кезиктирүүгө болот. Мунун себебин ырчы бул түстү жакшы көрөөрү жана саргыч өңдүн толкундануудан, тынчсыздануудан арылтаары менен түшүндүрөт.

РОББИ УИЛЬЯМС
Британиялык атактуу ырчы Робби Уильямс 2003-жылы Венага болгон гастролдук сапарында 72 номерлүү белгилүү отелдердин бирин жалгыз өзүнүн карамагында болуусун талап кылган. Мунун себебин ырчы андагы ресторан, сауна, фитнес борбору, коктейль барлардын баарынын жеке өзүн гана тейлеп туруусун каалагандыгы менен түшүндүргөн. Ырчынын кийинки дагы бир өзгөчө талабы – анын гримдөөчү бөлмөсүндө дайыма кадимки тирүү маймылдын болуусу.

ИРИНА АЛЛЕГРОВА
“Мен кайсы гана машинага отурбайын, анда сөзсүз жылуу жууркан болушу керек. Болбосо, мени ал машина менен концертке алпарабыз деп ойлобой эле койгула!”- дейт ырчы. Мына, белгилүү ырчы Ирина Аллегрованын талабы ушундай. Бир жолу ырчынын бул талабы аткарылбай калып, концерт коюу үчүн жаңы эле учуп келген Ирина бир саат бою самолёттон түшпөй койгону жана мунун айынан концертинин кечигип башталганы маалым. Кызыгы, ал учур Аллегрова сууктан үшүп калбагыдай жай мезгили экен.

Булардан тышкары, Кристина Орбакайтенин ысык суусу бар ваннаны, «Звери» тобундагы Романын 7 сүлгүнү, Филипп Киркоровдун 2 гриммдөөчү бөлмө менен лимузин машинаны, Маша Распутинанын бөлмөсүндө роза гүлдөрүнүн болушун, Мэрайя Кэринин Кристина Агилеранын атын угузбоону талап кылгандыктарын жана башкаларды айтууга болот.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 293, 13-19-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан