Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев 6-сентябрда Бишкекке учуп келген. Бирок ал учактан түшөрү менен кармалып, тергөө органдарына суракка чакырылды. Мурунку шаар башчы «бийликти басып алуу аракетинде өткөрүлгөн май айындагы окуяларга тиешеси бар» деп шектелүүдө. Бирок мыйзам боюнча, талапкер БШК тарабынан катталгандан кийин ага каршы козголгон кылмыш иштери убактылуу токтотулат. Эгерде шайлоодон жеңишке ээ болсо, анда депутаттык мандат териштирүү бүткөндөн кийин берилет. Ошондуктан анын партиялаштары буга “саясий куугунтук” деп баа беришти.
Сурак учурунда Н.Түлеевге “Мунапыс жөнүндөгү” буйрукка ылайык, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп жана жакынкы 5 жылда саясатка аралашпоо сунушу айтылды. Күч органдары сурактын аягында “эч жакка качып кетпейм” дегизип кол койдуруп алган соң экс-мэрди бошотушту.