Ошентип, Рамазан айы да аягына чыгып, жакын арада мусулмандардын парзына кирген ажылык зыяратка аттануу сапары башталат. Быйылкы жылы Сауд Арабия падышачылыгы Кыргызстанга 4500 квота бөлгөн. Анын 2900ү өлкөнүн түштүгүндөгү тургундарга бөлүнөт. Бирок быйылкы жылы июнь айындагы окуялардан улам аталган аймактан ажыга барчулардын саны аз болушу ыктымал.