Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров 6-сентябрь күнү өзүн жаман сезгендиктен, ооруканага жеткирилген. Врачтар ага «ууланган» деп диагноз коюшкан. Азырынча Бекназаровдун эмнеден улам ууланганы белгисиз, анализдердин да жыйынтыгы чыга элек.
Биз анын уулу Руслан Бекназаров менен байланышка чыкканыбызда, атасынын ден соолугу жакшы боло баштаганын билдирди. Анын айтымында, Азимбек Бекназаров тамак-аштан ууланышы ыктымал. Андан сырткары азырынча атасы ооруканада болорун жана дарылануу курсу уланарын кабарлады.
Мындайда баягы премьер-министр болуп турган кезинде Алмазбек Атамбаевдин уулангандыгы эске түшөт. Премьерлерди ууландырмай адатка айланбаса болгону.