Былтыркы жылы КРнын Президенттигине талапкер болгон Нурлан Мотуев кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун аракетинде. Ал азыркы өкмөткө жана жакында болуп өтүүчү парламенттик шайлоого каршы экендигин билдирет. “Мен өкмөткө оң багытты, аны менен катар кемчилигин көзгө сая көрсөткөн “Эл камы” деген оппозициялык кыймыл түздүм”,- дейт Н.Мотуев. Бул кыймылдын катарына Мелис Эшимканов, Замира Сыдыкова, Бермет Букашева, Топчубек Тургуналиев, Назарбек Нышанов сыяктуу “туруктуу оппозициячыларды” чакырарын билдирет (Мелис Эшимкановдун адашып “туруктуу оппозициячылардын” катарына кирип калганы күлкүлүү болду авт.). “Коңулда жата бербей, ачыкка чыккыла”,- дейт опурулган “Көмүр королу”.
Азырынча аталган кыймыл азык-түлүккө болгон баанын арзандашын талап кылууда. Кызык, Нурлан мырза кезектеги “күрөшү” менен канчалык алыс барат болду экен?