КУЛПУ АЧУУГА МАШ УУРУЛАР

Кайра-кайра ууру кылып, соттоло берген адамдарды абакта, кылмыш чөйрөсүндө "келемиштер" деп коюшат. Мындай өзгөчө аталышка ээ болгон топтун өкүлдөрү ич ара тажрыйбасына, уурулугунун мүнөзүнө жараша дагы бир топко бөлү­нүп кетишет. Бүгүн кеп башкалаанын калкын да, "тартип сакчыларын" да тажаткан үй уурулары туурасында. Бишкек шаарынын тургундарынын үйлө­рүнө ууруга кирип, бир нече жүз миңдеген сомдук залал келтирген деген күмөндө үч жигиттин кармалышы тууралуу бизге башкалаанын Свердлов РИИБинин ага кылмыш иликтөөчүсү Адилет Илипбеков төмөнкүлөр­дү айтып берди...

АБАКТАН БАШЫ ЧЫКПАГАН ОРУСИЯ ЖАРАНЫ
– Үстүбүздөгү жылдын көктөмүнөн тартып биздин райондун аймагындагы үйлөрдө уурулук көп каттала баштады. Улам бир чакырык боюнча ууру кирген үйлөрдү барып иликтеп жаттык. Уурулар үйдүн терезелерин сындырып же кулпуну бузуп отурбай, ар бир үйгө өз үйүн ачкыч менен ачкандай кирип кете беришкен. Кылмыштын мындай белгилери кылмышкерлердин тажрыйбалуу уурулар экенин айгинелейт эмеспи. Шектүүлөрдү иликтеп жүргөн кезибизде Юра аттуу киши тууралуу ыкчам маалымат келип түштү. Маалыматка караганда, күмөндүү Юра – Орусия жараны, илгери үйлөргө ууруга киргени үчүн соттолгон жана кандай кулпу болбосун опоңой гана ачып алаар тажрыйбалуу ууру. Ыкчам маалыматтын чын-төгүнүн иликтеп жүрүп биз издеп жаткан Юра Кыргызстанга 2003-жылы келгенин, ар кайсы жумуштарда иштеп жүрүп уурулук кылганы үчүн соттолуп кеткенин билдик.
Ошентип, кылмыш иликтөөчүнүн айтымында, шектүү Юраны торго түшүрүү­нүн аракети башталган. Орусия жаранына тиешелүү маалыматтарды сүрүштүр­гөн кылмыш иликтөөчүлөр анын учурда Москва районунун Беловодск айылындагы колония-поселениеге чыгарылгандыгын, бирок, ал тиешелүү мөөнөттү өтөбөй туруп качып кеткендигин аныкташкан.
– Көп өтпөй биз издеп жүргөн Юра Сокулук районунда, мурун соттолуп, түрмөдө отуруп чыккан кишинин үйүндө жашап жаткандыгы тууралуу маалымат алдык,- дейт кылмыш иликтөөчү Илипбеков кебин улап,- Шектүү кишини эрте күндө чочутуп албас үчүн ал үйгө "кайдагы бир түрктөрдү издеп жүрөбүз" деген шылтоо менен кирдик. Эшикти үй ээси эмес, дал биз издеп жүргөн Юра ачты. Соттолуп, колония-поселениеден качып кеткен бул кишинин сүрөтүн тиешелүү органдар бизге жөнөтүшкөн эле. Андыктан, бизге эшик ачкан кишини опертоптун жигиттери жаземдебей таанышты. Заматта колдору артына кайрылып, кишенделген Юра бир азга дейре эмне болуп кеткенин аңдай албагандай дендароо болуп турду. Иштин чоо-жайын түшүнгөн соң негизги куралын жашырган жеринен алып чыгып берүүгө аргасыз болду.
– Ал эмне болгон курал?
– "Отмычка" деп коёт эмеспизби, кулпуларды ачуу үчүн ачкычтын ордуна колдонулуучу аспап. Аны ичке зымдардан жасашат. Юрада түрдүү кулпуларды ача ала турган аспаптар бар экен. Мындай коллекцияны абакта отурганда бекер отурбай өз колу менен жасап алып чыгыптыр.
– Анын Свердлов районунун аймагында болгон уурулуктарга тиешеси чын эле бар бекен?
– Албетте. Суракты баштаган күндөн тартып эле биздин райондогу бир нече уурулукту моюнуна алды. Баарынан кызыгы, бул ууру кудум жыт алгандай болуп ири суммадагы акча, алтын жасалгалары бар үйлөргө кирген.
– Балким, үйдө акча, алтын бар экенин алдын-ала билип алып кирип жүргөн чыгаар...
– Бул тууралуу ал тергөөдө: "Үйлөрдү акмалап, тыкылдатып, коңгуроосун басып көрүп, эч ким жогуна көзүм жеткен соң кирчүмүн. Ал үйдөн акча же колго илинээрлик буюм табамынбы, таппаймынбы, ал жөнүндө ойлонбой эле кире берем",- деп жооп берип жатты. Улам бир фактыны тактап отуруп, учурда Бишкек шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайында жаткан Юранын шаар ичинде жасаган 30 уурулугунун бети ачылды. Абактан башы чыкпай жатып кайра камакка түшкөн Юрий Курасов Орусиянын Тамбов облусунда төрөлгөн. 36 жаштагы Орусиянын жараны учурда кайрадан сот өкүмүн күтүп отурган кези.

"ОБМЕНКАДАН" КАРМАЛЫШТЫ
– Кеп башында бир нече ирет кайталанган уурулуктан улам дагы эки жигитти кармаганыңарды айткан элеңер...
– Ооба. Биздин жашыруун маалымат булактарынан 29-апрель күнү эки кыргыз жигити үйлөргө уурулукка кирип жүргөндүгү тууралуу кабар келип түштү. Ыкчам маалыматты текшерип жүрүп Жума жана Руслан аттуу күмөндүү жигиттердин изине түштүк. Бул экөөнүн биздин аймакта болгон бир нече уурулукка катыштыгы бар экенин тактамакчы болуп алардын артынан аңдып жүрүп дагы бир кылмыш ишин көрүп калдык. Айланасындагыларга эч кандай шек бербей жайдары жүргөн бул экөө Асанбай кичирайонундагы үйлөрдүн бирине кирип, ири суммада акча уурдап чыгышты. Кылмыш иликтөөчүлөрдүн тажрыйбасында ууруну дал кылмыш үстүнөн кармап алган мындай учур көп кездеше бербейт. Үйгө кирип кеткен экөө өздөрүнө ыраазы болгондой түр менен чыгып, Бишкектин борбордук бөлүгүн көздөй жөнөп калышты. Артынан бир да кадам алыстабай биз жөнөдүк. Совет көчөсүндөгү акча алмаштыруучу түйүндөргө жете келген соң экөө көпкө дейре кирүүгө даабай, туш тарапка абай салып байкап турушту. Шектүү эч нерсе байкалбады белем, бир топто барып экөө "Ачекей" акча алмаштыруу түйүнүнө кирип кетишти. Ууру кылган жерден түз эле акча алмаштыруу жайын көздөй жөнөгөн алар акча уурдап чыкканын түшүнүп аңдып калдык. "Обменкада" алар көпкө кармалышты. Бир топ убакыт өткөн соң бирин-бири далыга таптай, жүздөрүндө күлкү ойноп чыга келишти. Биздин ыкчам-иликтөөчү топ экөөнү дал ошол жерде кармады.
– Чын эле акча уурдашыптырбы?
– Экөө 100 миң рубль акча алмаштырышыптыр.
– Кармалганда каршылык көрсө­түш­­көн жокпу?
– Экөө тең мурун бир нече иреттен соттолушкан. Демек, каршылык көрсөтүү өздөрүнө зыян экенин жакшы билишет. Анын үстүнө, опертоп эсине келтирбей курчап алса, шаардын борборунан кайда качышмак эле? Аргалары түгөнүп, биздин буйругубузга каршылык көрсөтө албай туруп беришти. Ошол жерде күбөлөрдүн көзүнчө экөө алмаштырып чыккан акчаны каттоого алдык.
– Ал акча кимге тиешелүү экен?
– Бишкекте жашап, Орусия, Казакстан аркылуу бизнес жүргүзгөн жарандарыбызга тиешелүү акча болуп чыкты. 100 миң рубль чогулткуча алар канча эмгек кылганын элестетип көрүңүз. Ал эми тигил эргулдар алеки саатта уурдап алып жатышпайбы.
– Кармалган жигиттер кыргыздарбы?
– Ооба. Иманбаев Жумабек 33 жашта, Ысыккөлдөн. Мурун да ушул эле Свердлов районунда уурулук кылып соттолуп кеткен. Бала-чакасы бар. Шериги Айдемиров Руслан болсо бишкектик, 32 жашта. Бул эргул да мурун уурулук жана каракчылыгы үчүн соттолуп, түрмөдө отуруп чыккан. Экөө биздин районго тиешелүү аймакта төрт жолу, Октябрь районунда үч жолу уурулук кылганын айтып моюнга алышты.
Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө­чүлөрүнүн айтымында, камактагы Юрий Курасовдун жана Айдемиров менен Иманбаевдин үстүнөн козголгони кылмыш иштери жакында сотко кароого жөнөтүлөт. Эгер тергөө маалыматтарында көрсөтүлүп жаткан айыптар далилденсе, бул үчөө дагы бир канча жылга эркинен ажырашаары анык.

Даярдаган Шаиста Шатманова. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 293, 13-19-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан