Бишкек шаарында “Кыргызстан кадрлары-2010” деген аталышта бош жумуш орундарынын жарманкеси болуп өттү. Ал жылына бир жолу жазында болуп турчу. Бирок быйылкы жылы өлкөдөгү окуялардан улам күзгө жылдырылган.
Бул жарманкеге жумуш орундарын сунуштаган 40тан ашуун компания жана 400гө чукул жумуш издеген жаштар катышты. Мында бардыгы биригип 70 адистик боюнча 20 миң бош жумуш орундары көрсөтүлдү.
Жарманкеге катышкан Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулова: “Курулуш, экономика жана социалдык тармактарында суроо-талап жогору”,- деп белгилеп өттү. Жакын арада ушундай эле жарманке өлкөнүн түштүгүндө да болуп өтмөкчү.