Мындан кийин мамлекеттик мекемелерге алына турган кызматкерлер полиграфтан, жөнөкөйлөтүп айтканда, калп-чынды текшерүүчү детектор-аппарат аркылуу текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу буйрукка КРнын Президенти Роза Отунбаева кол койду. Мындай текшерүүнүн максаты – мамлекеттик кызматка паракорчулукка малынбаган же ошол илдетти жаратпаган заманбап кадрларды кызыктыруу.
Калп-чынды текшерүүчү детектор-аппаратынан өтүү алгач Каржы полициясы, Бажы жана Салык кызматына статс-катчыларды жумушка алуу менен башталмакчы. Аппаратты атайын даярдалган адистер гана алдап кете алышат. Анын баасы 6 миң доллар туруп, тестирлөө 1,5 сааттын тегерегинде өтөт.