“Ата Мекен” партиясынын депутаттыкка талапкер болгон мүчөлөрүнүн тизмеси БШК тарабынан биринчи болуп катталгандыгын кабарлаган элек. Мыйзамга ылайык, катталган партия 5 күндүн ичинде БШКга талапкерлеринин кызматын убактылуу токтотуп жаткандыгы тууралуу буйруктарды алып барышы зарыл.
Ат башында партиянын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого бара жатканын жарыялаган соң УӨнүн төрайымынын орун басарлык кызматын тапшырган. Өткөн аптада “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркин Алымбековдун жубайы Галия Алымбекова БШКнын мүчөлүгүнөн кетти. Андан сырткары Кубан Мамбеталиев Англиядагы элчиликтен, Турат Мадылбеков финансылык чалгындоо жана Гүлшайыр Садыбакасова Ош филармониясынын директорлук кызматынан биротоло бошогон. Президенттин кеңешчиси болуп дайындалган Султан Раев кызматын убактылуу токтотту. Ошондой эле биздин гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов дагы өткөн аптада “Компьютер Пресс” коомунун президенттигинен кеткенин билдиргенбиз.
Бул кадамдардын баары таза шайлоо өткөрүү жана партиянын кадыр-баркына көлөкө түшпөсүн деген ниеттер менен жасалууда.