АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОНУН ТАРТЫП АЛГАН
Талап-тоноочулукка шектүү делген адам Бишкек шаарынын ИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Изи сууй электе милиция кызматкерлери 39 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.Мны кармашкан. Ал адам "13-сентябрь күнү түнкү саат 12 чамасында Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп 23 жаштагы кыздын чөнтөк телефонун тартып алган" деп шектелүүдө.

МАСТЫКТАН ЧЫККАН ЧЫР
Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан "оор кылмыш жасаган" деген шекте бир адам кармалды.
17-августта Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунан Каракол шаарынын 22 жаштагы тургунунун сөөгү табылган. Ленин РИИБинин кызматкерлери оперативдик издөө иштеринин натыйжасында мурда уурулук үчүн соттолгон Нарын облусунун тургунун шектүү деп кармаган. Ал адам кылмыш мастыктан улам келип чыкканын моюнуна алган. Бул боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

КЫТАЙЛАР КАНТИП КЕЛИШТИ?
Чүй облусунун Кара-Балта шаарына жакын жерде нефть иштетип чыгаруучу завод курулууда. Заводдо Кытай жарандары атайын уруксаты жок иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшөрү менен ИИМдин кызматкерлери ал жакка барышкан. “Жунда” деп аталган заводдо эмгектенип жаткан 142 кытай жаранынын 12синин гана иштөөгө мыйзамдуу укугу бар экени такталды. Калган 130 адам бул жерге кайдан келип иштеп калганы белгисиз. Учурда өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытайларды мекенине депортациялоо маселеси көтөрүлүп, такталууда.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ҮЧ АДАМ КАЗА ТАПТЫ
12-сентябрь күнү Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымында Мерседес-Бенц 230 үлгүсүндөгү унаасы катуу ылдамдыкта келип жүк ташуучу КамАЗды сүзгөн. Оор жаракат алган 2 адам окуя болгон жерден Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми үчөө кырсык болгон жерден көз жумган.

КЫЗГАНЫЧТАН ЖУБАЙЫН ӨЛТҮРГӨН
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1967-жылы туулган З.Р. 15-сентябрь күнү саат 02.00дө өзүнүн үйүндө аялын атып өлтүргөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул өлүмгө кызганыч себеп болгону аныкталды.

БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Чүй облусунун ШИИБинин оперативдик тобу тарабынан Чүй облусунун Сокулук айылынын 46 жаштагы тургуну "баңгизат менен алектенет" деген шектелүүдөн улам кармалды. Үйүн тинтишкенде 5 килограмм героин табылган. Азырынча иликтөө иштери жүрүп жатат.

101 билдирет

550 ТҮК ЧӨП КҮЙДҮ
11-сентябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышовка айылында жанаша турган эки короодон өрт чыккан. Биринчи короодон 300 түк чөп күйсө, экинчи короодон 250 түк күйгөн. Себеби такталууда.
11-сентябрда Кара-Кулжанын Кайың-Тал айылында А.Алымбековдун үйү өрттөнүп кеткен. Үйү менен кошо 3 тонна чөп, 5 тонна тезек, 6 боз үй жок болгон. Ал үйдөгү өрт кошуна Б.Кулетовдун короосуна өткөн. 33 чарчы метр курулуш материалдары, 12 тонна чөп, 4 тонна тезек күйгөн.

ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛГЕН ӨРТ
12-сентябрь күнү Чүй районундагы Прогресс айылындагы Достук көчөсүнүн тургуну А.Чалгыбаевдин үйүнөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 1964-жылы туулган А.Чалгыбаев жан берген. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

КАФЕ ӨРТТӨНГӨН
Талас облусунун Кара-Буура районунда "Нурдин" кафесинен газ баллон жарылган. Күлгө айланган кафеден жабырлангандар болгон эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери изилденүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан