«Forbes» журналы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, Голливудда эң көп суммадагы акча төлөнгөн мырзаларды аныктады. Көрсө, алардын биринчи сабында Жонни Депп турат экен. Ал 2009-2010-жылы 75 миллион доллар каражат таап, рекорд койгон. Экинчи болуп тизмеде Бэн Стиллер турат. Анын жылдык кирешеси 53 миллион доллар. Үчүнчү Том Хэнкс 45 миллион доллары менен ийгиликке жетишсе, кийинки катарларды Адам Сэндлер, Леонардо Ди Каприо толукташкан.