МЭЭРИ ШАКУЛИНА

Учурда көп жылдыздардын арасында жылдызы жаркырап жанып турган Мээри Шакулинанын атын укканда эле бул ырчы кыз кызыгууну туудуруп келет. Бул саныбызда сиздерди “Айтпа”, “Бизге сүйүү келсе”, “Сагынба” аттуу ырлардын аткаруучусу Мээри Шакулина менен тааныштырабыз.

Мээри Шакулина 1988-жылы 19-июлда Жалалабат облусуна караштуу Каракөл шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун 1-курсунун студенти. Ырчылыктан сырткары адабий китептерди окуганды жакшы көрөт.

– Мээри, атыңды ким койгон жана бул сенин чыныгы атыңбы?
– Ушул суроону мага көптөр узатышат. Менин азан чакырылып коюлган атым – Мээрим, фамилям болсо Шакулиева. Сахнага Мээри Шакулина деген ат менен чыгып жүрөм.
– Атыңды алмаштырууңа эмне себеп болду эле?
– Учурда жаш ырчылар абдан көп жана алардын арасында өзгөчөлөнүп туруу максатында продюсерим Дана эже атымды өзгөртүү идеясын айткан болчу. Башында “кандай ысым тандасак?” деп көпкө чейин ойлонгонбуз. Кийин өз атым менен фамилиямды эле кыскартып коюуну туура көрдүк.
– Сенин ырларыңды уккандар “Айжамал Кабылова ырдап жатат” деп ойлошот экен.
– Чынында эле менин үнүм Айжамал эженикине окшош. Мен 6-7-класстарда окуп жүргөндө “Кыз-Бурак” тобунда жаш ырчы катары сабак алчумун. Өкү­нүч­түүсү, ошол убакта катуу ооруп калып, “Кыз-Буракта” ырдабай калдым. Ошол бойдон денсоолугумду карап жана сабагымдан артта калбаганга аракет кылып жүрүп ырдаганга убакыт да болгон эмес. Денсоолугум жакшы болуп калганда кайрадан ырдап чыккым келди. Бирок, “учурда чыгып жаткан жаш ырчылардын артында калып каламбы” деген коркуу сезими мени ээлеп, сахнага кантип чыгыштын айласын таппай жүргөм. Ошондо Тынчтыкбек Кожобеков аркылуу Дана эже менен тааныштым. Дана эже башында менин сырткы келбетимди карап, анан үнүмдү угуп көрүп: “Эки ай чогуу иштешип көрөлү, анан мүнөздөрүбүз келишип калса, чогуу иштешебиз”,- деген. Бул убакыттын кантип өтүп кеткенин Дана эже экөөбүз тең билбей калыптырбыз. Азыр келишим менен иш алпарып жатабыз.
– Ырчылык талантыңа ата-энең кандай көз карашта?
– Ата-энем менин кичинекей кезимден бери ырга жакын экенимди байкашкан жана ошондан бери колдорунан келишинче жардам берип турушат. Азыр алар Каракөл шаарында турушат.
– Ата-энең Каракөлдө болсо, шаарда ким менен турасың?
– Дана эже экөөбүз келишим түзөөр алдында аны ата-энемдер менен тааныштыргам. Ошондо Дана эже мени өз көзөмө­лүнө алуу жоопкерчилигин моюнуна алгандыктан, учурда продюсерим менен чогуу турам.
– Продюсериңдин көзөмө­лүн­дө болсоң, ээн-эркин жүрө албай жаткан чыгаарсың...
– Ар бир бала ата-энесинин алдында ээн-эркин жүрүп, билгенин кылат эмеспи. Чынында, башында Дана эжеден досторума барып келүү үчүн уруксат сурагандан бир чети корксом, бир чети уялчумун. Дана эже түшүнүктүү жан, азыр өзү эле курбуларым чакырган жакка жиберет. Бирок, тартипти, талапты катуу коёт.
– Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Келишим боюнча мен 5 жыл ичинде жигит жандап, аны менен сүйлөшкөнгө болбойт. Анан да азыр жигит сүйгөнгө менин жашым жете элек. Бирок, 5 жыл ичинде эмне болуп кетээрин убакыт көрсөтөөр. Эгерде бактыма жакшы жигит буюруп калса, Дана эже келишимге карабастан менин турмушка чыгуума каршы болбосо керек.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 293, 13-19-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан