12-сентябрь күнү венециялык кинофестиваль жыйынтыкталды. Башкы байге “Алтын арстанды” атактуу режиссёр Френсис Копполанын кызы София Коппола (сүрөттө) жеңип алды. Ал тарткан “Кайдадыр алыс жакта” тасмасында атасы менен кызынын мамилеси сүрөттөлгөн. Ал эми “Күмүш арстан” сыйлыгын мыкты режиссура үчүн Алексу де ла Иглесиинин “Кайгылуу баллада” тасмасы утуп алды.
Орусиялыктар да бош кетпей, жеңишке ээ болушту. Атай кетсек, режиссёр Алексей Фёдорченконун “Акшак” аттуу тасмасы “Озелло” сыйлыгынын 3 номинациясын жеңип алды. Режиссёрлор жеңиш үстүндө өз пикирлерин билдиришти. Алексей тасмасынын жеңишине ишенгендигин айтса, София башкы байгеге ээ болоруна ишенбегенин айтып өттү. Ошондой эле эркектин мыкты ролун жаратканы үчүн Винсенту Галло сыйланса, аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн Ариана Лабед сыйланды.