Жакын арада КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда өтө турган “Киношок” фестивалына кыргыз кинолору чакырылды. Алар – Элнура Осмоналиеванын “Алмаз”, Тынай Ибрагимовдун “Аял үзөңгүдө” жана Назира Маматкулованын “Иймек” тасмалары. Бул фестиваль 12-19-сентябрда Орусияда, 21-25-сентябрда Казакстанда, 12-16-октябрда Тажикстанда уланмакчы.
Эмесе, биздин режиссёрлорго ак жол!