Чыр-чатакка көп илешкен ырчы Бритни Спирс дагы бир жаңжалдын үстүндө. Анын экс-жансакчысы Фернандо Флорес (сүрөттө) “Спирсте иштеген кезимде көп эле сексуалдык зомбулукка кабылгам. Жумушумду жоготуу коркунучу болгонунан муну жашырчумун. Бир жолу өзүнүн бөлмөсүнө чакырган. Барсам, жылаңач болуп алып, “мага суусундук алып келип берчи” дейт. Бул менин компетенциямдагы иш эмес эле. Ушул сыяктуу кырдаалдар көп болгон, бирок мен азгырылган эмесмин. Эми бул үчүн ал мыйзам алдында жооп берсин” дейт. Учурда ырчы буга эч кандай комментарий бере элек.