Ушул жылдын сентябрь айынын башында Москвада “Жылдыздардан секонд-хенд” дүкөнү ачылды. Анда айтылуу Валерия, Николай Басков, Филипп Киркоров сыяктуу Орусиянын популярдуу жылдыздарынын кийилген кийимдери сатылууда. Бул идеяны музыкант, ырчы жана ишкер Эмин Агаларов жаратып, ишке ашырды. Анын айтымында, ар бир айды бир жылдыздын атынан атап коймокчу. Мисалы, ырчы Валериянын айында өзү келип кийимдерин саткан күн да болот.