Дуэт ырдаган Настя Каменских менен Потапты ажарлуу ырчы Вера Брежнева ажыратты. Ооба, ажыратты. Бирок чочулабаңыз, түбөлүккө эмес. Тактап айтканда, учурда Потап менен Вера биргелешип “Пронто” аттуу ырды аткарып, ага клип тарттырып жатышат. Чогуу ырдоо идеясы Вера телеалпаруучу болуп иштеп жатканда чечилген эле, эми ишке ашып отурат. Ал эми Настя учурда эс алууда.