Атактуу ырчы Жорж Майкл 56 күнгө эркинен ажырады. Бул чечимди сот жакында эле билдирди. Июль айынын аяк ченинде марихуана чегип алган абалда рулга отуруп, Хэмпстедеде чоң дүкөндү сүзүп алган. Эркинен ажырагандан тышкары жарым жыл рулга отуруу укугу менен коштошту. Марихуана чеккенин моюнуна алган ырчыга ошентип, сот өз өкүмүн чыгарды.