«MTV VMA Awards-2010»: ЛЕДИ ГАГАНЫН ТРИУМФУ

АКШнын Лос-Анжелес шаарында жылдыздар үчүн маанилүү деп саналган “MTV Video Music Awards” сыйлык тапшыруу салтанаттуу кечеси болуп өттү. Сыйлыктарды шыпырып кеткен ким болду дебейсизби? Албетте, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн оригиналдуу ырчы Леди Гага болду. Ырчы кыз сыйлыктын тарыхында болуп көрбөгөндөй 13 наамга көрсөтүлүп, анын сегизин жеңип алды. Жыйынтыгында Гага сыйлык тапшыруу аземинде сенсация жаратып, көпчүлүктү суктандырды. Сыйлыкта эң жогорку даражада турган “Жылдын видеосун” аталган ырчы “Bad Romance” ырына тартылган клиби үчүн алды.
Рэп-ырчы Эминем аталган сыйлыктын “Мыкты хип-хоп” жана “Видеодогу мыкты аткаруучу мырза” деп аталган эки наамына татыды. Ал эми “Жаңы артист” наамына канадалык поп-ырчы Жастин Бибер ээ болду. “Мыкты операторлук иш” наамын Jay-Z менен Алиша Киздин “Empire State of Mind” аттуу клиби утуп кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан