“Миң кыял FM” радиосу Рамазан айында атайын продюсерлер жарышын уюштурган. Бул жарышта продюсерлер Нурслан Сыдыгалиев, Канат Кадыржан, Динара Эсенгулова жана Назгүл Насиеванын карамагындагы ырчылар командасы жарамазан айтышкан. Угармандардан келген СМС добуштун негизинде Назгүл Насиеванын командасы аталган радионун байгесин утуп алды. Козу уткан продюсер айым ошол эле жерден “ма-аны” союп, кесиптештерине майрам уюштуруп бериптир.