Борбор шаарыбыздын кодун алып жүргөн сыймыктуу мекендештерибиз “Город 312” тобун билбеген жан болбосо керек. 24.kg маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, аталган топ өлкөбүздө болуп өткөн кайгылуу окуяларга кайдигер карабастыгын билдиришкен. Топтун айтымында, алар кайсы жакта жүрбөсүн Кыргызстанды даңазалай беришмекчи. Анан да кыргыз жердештери үчүн дайыма жагымдуу ырларды тартуулашат. “Город 312” тобу атайын кыргызстандыктар үчүн Атай Огомбаевдин “Эсимде” аттуу чыгармасын 2 вариантта жаздырышкан. Биринчи өздөрүнүн аткаруусунда болсо, экинчи вариантын ырчы Жылдыз Осмоналиева менен биргеликте ырдашат.