“Импульс” тобунун мүчөсү Алиман Дүйшөналиева учурда Казакстан менен Орусия биргелешип тарткан “Жаным” аттуу телесериалында баш каармандын ролун жаратууда. Алиман аталган сериалдын режиссёру, кыргызстандык кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун сунуштоосу менен кастингге катышып, өтүп кеткен. “Жаным” телесериалы азыр казак телеканалдарында көрөрмандарга тартууланып жатат.