АЯЛЗАТЫН СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН ЗЫЯНЫ
Африканын Гана, Кения, Нигерия, Сенегал, Судан өлкөлөрүндө аялзатын толук же жарым жартылай сүннөткө отургузуу адатка айланып келе жатат. Толук сүннөткө отургузууда кыздардын жыныс органдарынын сырткы чоң эриндери менен клитору толук кесилип салынат. Жарым-жартылайда аталган мүчөлөрүнүн жарымы кесилет.
Бүткүл дүйнөлүк денсоолукту коргоо уюмунун аныктоосуна караганда, дал ушул жаман адат аялдардын төрөтүн оордотуп, жаңы төрөлгөндөрдүн өлүмүнүн өсүшүн шарттоодо. Бул аялдардын жыныстык органдарында орун алган көптөгөн нервдер сүннөттө зыянга учурап, аялзатынын психикасына, денсоолугуна доо келтиргени менен түшүндүрүлөт.
Ошентип, толук же жарым-жартылай сүннөткө отургузулган аялдар операция аркылуу төрөөгө аргасыз болушат. Андан дагы кейиштүүсү алардан төрөлгөн балдардын көбү өлүмгө учурайт. Ошондуктан, учурда Бүткүл дүйнөлүк денсоолукту коргоо уюму аялзатын сүннөткө отургузууну жоюу маселесин көтөрүп чыгууда.
Айта кетсек, сүннөткө отургузуу көбүнчө 10 жашка чейинки кыздарда жүргүзүлөт. Мындай салт жергиликтүү ишеним боюнча кыздык абийирди сактоого өбөлгө түзөт делинет.
ЭРКЕКТЕРДИ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН ПАЙДАСЫ
Сүннөткө отуруу гигиеналык жактан утушка ээ экендиги маалым. Анткени, сүннөт жасалбаган учурда жыныстык мүчөнүн башындагы тери микробдордун чогулуп, көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Ушундан улам ооруга алып келет. Ал эми сүннөткө отурууда мындай коркунуч көп эселеп азаят.
Сүннөткө отуруунун пайдасы бул менен эле чектелип калбайт. Ал уруктуктун эрте түшүүсүнүн да алдын алат. Мунун себеби мындайча түшүндүрүлөт. Сүннөткө отургузуудан кийин жыныс мүчөнүн башы ич кийимге сүрүлө берип, сезимдүүлүгү азаят. Бул болсо жыныстык катнаштын узакка болуусуна алып келет. Ал эми катнаш узакка болсо, уруктук да кеч түшөт эмеспи.