Кыргызда жигит үйлөнсө “моюнуна каамыт илинди” деп тамашалап коёт эмеспи. Эми ушул кеп ырчы Султан Садыралиевге айтылып калат өңдүү. Себеби ырчынын 8-сентябрда үйлөнгөнүн уктук. Бул кабар Султандын сүрөтүн кучактап уктаган күйөрман кыздарга сүйүнүчтүү же күйүнүчтүү болорун биле албайт экенбиз. Ал эми “Султандын жүрөгүн багындырган кайсы бийкеч болду экен?” деп кызыгып турсаңыз, келерки саныбызда кененирээк маалымат берип, тааныштырабыз.