Баяндамачынын бурчу
10-октябрда өтүүчү шайлоого жыйырма күнгө чукул убакыт калды. Азыр БШК тарабынан тизмеси каттоодон өткөн 29 партия кызуу үгүт иштери менен алек. Элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн адамдын башына кандай гана амалдар келбейт. Алсак, үрөйдү учурган жана кара өзгөй ушак-айыңдар кеңири жайылат.
Жеңил-желпи көрүнгөнү менен, салмактуу саясатчылардын колунда эле атайын ушак ойлоп таап, аны таратуу боюнча адистер иштешеринен кабарыбыз бар. Өз учурунда бул ушактын максаты кимдир бирөөнү жамандоо жана каралоо экени айдан ачык. Анан да ушак канчалык шумдуктуу болсо, эл ошончолук ишенери кейиштүү чындык.
Жакында басылмалардын бири Өмүрбек Текебаевди сындаган материал чыгарын кабарлады. Алар Өмүрбек мырзанын өткөн жолуна токтолуп, беш өрдөктү болушунча учуруп, каралоо максаты менен кыргыз элине жар салганы жатышыптыр.
Бирок “Ата Мекен”, айрыкча анын лидерине карата каралоолор далай жолу айтылып келген. Аталган партиянын өкүлдөрү дагы канча убакыт саясат айдыңында болсо, дале айтыла берсе керек. Балким, буга жооп иретиндедир, Өмүрбек Текебаев Жалал-Абадга барган сапарында: “Эгерде шайлоо адилеттүү өтсө, бизди эч ким токтото албайт”,- деди. Анын айтымында, партияны эки фактор: ок менен ушак гана токтото алат. “Окту Жараткан токтотсо, ушакты өзү калп-чынды ажырата алган эл гана токтотот”,- деди Өмүрбек мырза.