Эл аралык уюмдардын арасында ызы-чууну жараткан укук коргоочу Азимжан Аскаров Ноокен райондук соту тарабынан өмүр бою темир тор артына кесилди. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар учурунда улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүп жибергени үчүн күнөөлөнгөн. Андан сырткары «массалык баш аламандыкты уюштурууга жана укук коргоо кызматкерин өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар коюлган. Бул тууралуу укук коргоо уюмунун өкүлү Сардар Багишбеков интернет баракчасына маалымдады.
Эскерте кетсек, “Аба” укук коргоо уюмунун директору Азимжан Аскаров 15-июнда атайын кызмат тарабынан кармалган. Аны менен кошо колго түшүрүлгөн жети адамдын бешөөсүнө да өмүр бою абакка отургузуу өкүмү чыгарылды.