Шайлоого карата бир айлык үгүт кербени башталары менен баш калаанын ичи түрдүү партиялардын көрнөк-жарнактарына жык толду. Бирок сиздин көңүлүңүздү үгүт баракчаларына байланыштуу алгачкы чыр-чаттакка бурабыз.
Алсак, “Айкөл эл” партиясынын туш тарапка илинген жарнактарын “Тазалык” муниципалдык ишканасы мыйзамга таянып сыйрып салган. Эми аталган партия “тазалоо” кызматы үчүн айып пул төлөөдөн баш тартууда. Анткени партиянын өкүлдөрү жарнактарын тарыхый, маданий баалуулугу бар жайга эмес, башка партиялар сыяктуу эле көчө боюндагы мамыларга илгендигин айтышууда. Эдил Байсалов жетектеген партия бул кадамды «административдик кысым» деп атады.