КЕЛМЕ КЕЗЕК КУРАЛГА КЕЛДИ

Коргоо министри Абибулла Кудайбердиев Москвага барган сапарында Кыргызстанда жайгашкан орусиялык аскердик объектилердин ижара акысынын ордуна курал беришин кесиптеши Анатолий Сердюковдон суранды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап ижара акыны 3-4 эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Бир гана жагдай, Кыргызстан курал маселесин тез арада чечип берүү өтүнүчүн билдирди. Албетте, көрүнөө да, көмүскө да күч структураларынын кызматкерлеринин куралын тартып алуу болуп жатса (7-апрелде «Форум» имаратынын жанында, Оштогу окуяларда. авт.), биздин өлкө куралдан кур жалак кала баштайт да.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда орусиялык беш объект бар: Канттагы аскердик майдан, Чүй облусунун Чалдыбар айылындагы ыраакы байланыш түйүнү, Ысык-Көлдүн Караколунда жайгашкан сыноочу майдан, Ичке-Суу айылындагы сейсмикалык станция, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык лаборатория.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан