Бул аптанын чоң жаңылыгы күч структурасындагы орун алмашуулар болду. Муну айрым серепчилер “Роза Отунбаева акырындык менен бийликти колго алып, аны пайдалана баштады” деп баалап чыгышты. Анткени кызматынан кол жуугандарды вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун “адамдары” дешчү эле. Азимбек мырзанын ооруканада жатып калганы себеп болдубу же башкабы, бирок шайлоонун алдында күч структураларынын башчылары жаңыланды.
Алсак, 7-апрелден кийин башкы прокурор болуп дайындалган Байтемир Ибраев кызматынан шыпырылып, анын ордуна ИИМдин министри Кубатбек Байболов келди. Ал эми Кубатбек мырзанын креслосуна Зарылбек Рысалиев отуруп калды. Ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгын жетектеп, май, июнь айларындагы митингдерди жөнгө салууда, айрыкча Урматбек Барыктабасовду колго түшүрүүдө көпчүлүктүн көзүнө илинбедиби.
Президент айым муну менен гана токтоп калган жок. Буйрук чыгарылган күндүн экинчи жарымында Жогорку Соттун төрагасы Кубаныч Момбеков кызматынан кол жууду. Азырынча анын милдетин аткаруучу болуп Феруза Жамашева дайындалды.
Шашылыш түрдө ооруканадан чыккан Азимбек Бекназаров мындай кадрдык саясатка каршы экенин билдирди. Ал: “Роза Отунбаевага бул иш түбүңүзгө жетет деп айттым”,- деп ажо айым менен араздашуусун журналисттерге баяндап берди.
Күч структураларындагы жаңылык муну менен эле чектелген жок. ИИМдин башчысынын орун басары Мелис Турганбаевге милициянын генерал-майору деген наам ыйгарылды. Адатта ар бир ажонун “өз генералдары” болор эле. Ошентип, апрелден бери мындай чинге ээ болгондордун саны үчкө жетти.