АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

МАРКУМДУН АТЫ-ЖӨНҮН ТАКТООГО ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕР!
Сокулук РИИБинин тергөө бөлүм­чөсү маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн кыргызстандыктарга кайрылат.
12-сентябрда саат 21.30 чамасында Форд-Транзит автоунаасынын айдоочусу Ж.Эгембердиев Бишкек-Ош кан жолунда баратып 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишини сүзүп кеткен. Жол кырсыгы аталган жолдун 16-чакырымында болгон. Кырсыкка кабылган жабырлануучу ошол эле жерде жан берген.
Маркум – азиат, 40-45 жаштарда, өтө арык да, толук да эмес. Бою 160 сантиметр чамасында, башы таз, кой көз, үстүңкү тиштеринин баары түшүп калган. Үстүндө кызыл футболка, боз шым, токулган кочкул көк түстүү свитер, боз кроссовка. Бул маркум тууралуу маалыматы бар адамдар
0777 40 99 08 жана 0553 37 20 30 номерлерине чалышса болот.

КАМЫШТУУ КӨЛМӨДӨН АДАМ СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
18-сентябрда Сокулук РИИБине талаада адамдын өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Опертоп Новопавловка айылына жакын жердеги көлмөдөн эркек адамдын сөөгүн тапкан. 30-35 жаштар чамасындагы бул маркумдун аты-жөнү такталууда.
Маркумдун баш сөөгүндө жаракат бар, бир көзү оюлган, денеси кескиленген экен. Сөөк жаткан жерден темир монтировка да табылган. Бул өлүмгө шектүү адам да кармалды. Шектүү жаран мурда уурулук үчүн соттолгон, 32 жашта. Учурда тергөө жүрүп жатат.

КЫТАЙЛАРДЫ ТОНОГОНДОР КИМДЕР?
15-июнда баш калаанын Мессарош көчөсүндө жашаган Кытай жарандарын белгисиз кылмышкерлер тоноп кетишкен. 25-30 жаштардагы 4 жигит кечке жуук кытайлар жашаган үйгө кирип, үй ээлерин курал менен коркутуп, сабап, 76 000 доллар, 550 юань, ЖЧКга тиешелүү документтерди жана эки уюлдук телефонду тартып алып, Мерседес менен качып кетишкен.
Көптөн бери иликтенип келе жаткан бул кылмышка шектүүлөрдүн бирин Бишкек шаардык БИИБинин кызматкерлери бул аптада кармашты. Иликтөө жүргүзүлүүдө.

ПАРАКОР КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
“Кылмыш ишин козгобой, жоопкерчиликтен бошотом” деген убада менен Свердлов РИИБинин кызматкери Н.Т. айыптуу Б.Адан 500 доллар алып жаткан жеринен кармалды. Паракорду УКМКнын кызматкерлери кармашты. Учурда ал УКМКнын тергөө изоляторунда.

ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН КОЛУНАН КАЗА ТАПКАНБЫ?
15-сентябрда Сузак райондук милиция бөлүмүнө айылдардын биринде адам атылып өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Түнкү саат эки чамасында барган опертоп атылып өлтүрүлгөн үй ээсинин сөөгүн көрүшкөн.
Кылмыш боюнча иликтөө жүргү­зүлүп, негиздүү фактылардан улам маркумдун жакын тууганы шектүү катары камакка алынды.

101 билдирет

КЫЗЫЛ ЖАЛЫН ЭКИ АДАМДЫН ӨМҮРҮН ЖАЛМАДЫ
19-сентябрда өрт өчүрүүчүлөргө баш калаанын Улахол туюк көчөсүнүн тургундарынан шашылыш кабар келип түшкөн. Көрсө, үйлөрдүн бирин өрт каптаган экен. Я.Ковалёвго тиешелүү бул үйдөгү өрт өчүрүлүп, кырсык болгон жерден эки адамдын сөөгү табылды. Алар: үй ээсинин жубайы, 70 жаштагы А.Ковалёва жана алардын 51 жаштагы уулу В.Ковалёв. Эки адамды өлтүргөн өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

ЖАБДЫКТАРДЫ КУРООДО АБАЙЛАҢЫЗ!
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Маданият айылынын тургуну А.Шабданова өрт кырсыгына кабылып, дүкөнүнөн айрылды. Анткени 17-сентябрь күнү түш ченде вагондон жасалып, ичи жыгач менен капталган дүкөн өрттөнө баштаган. Жыгач менен катар дүкөн ичиндеги муздаткыч өңдүү буюмдар да күлгө айланды. Электр жабдыктарынын туура эмес куралышы ушундай кырсыкка алып келгени билинди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан