Апта башында Дэвис кубогунун финалчылары аныкталды. Алгачкы «Франция-Аргентина» тирешүүсүндө күйөрмандар күткөн күрөш болгон жок. Француздар атаандашын 5:0 эсебинде жер менен жексен кылды. Ал эми кийинки жарым финалда айыгышкан күрөш жүрүп, бакыт кушу сербиялыктарга жылмайды. Алардын чехтер менен болгон оюнунда 4 тирешүүдөн кийин эсеп 2:2 болуп теңелип, чечүүчү оюнда Янко Типсаревич атаандашы Радек Штепанекти жеңип алган. Ошентип, кылымды карыткан мелдештин 99-финалында 3-5-декабрь күндөрү Франция менен Сербия күч сынашат.