Дүйнөнүн №1-футболчусу жана испаниялык «Барселонанын» лидери Лионель Месси 10 күндөн ашуун футболдон четтөөгө аргасыз. Ал Испания чемпиондугунун 3-турунда мадриддик «Атлетико» менен болгон оюнда таманынан жаракат алган. Алгач анын 2 аптадан ашуун футбол ойной албастыгы айтылып жаткан. Бирок, бактыга жараша, анын жаракаты жеңил болуп, аз убакыттан кийин майданга кайта турган болду. Ал эми «Атлетико» менен болгон оюн 2:1 эсебинде «Барселонанын» пайдасына чечилген. Оюнда Месси 1 жолу гол киргизген.