Ушул тапта улуттук чемпиондугубуз чечүүчү учуруна келди. Сезондун аякташына саналуу оюндар калганда мелдештин жадыбалында революциялык жагдай түзүлүп отурат. Сезондун башында быйыл да чемпиондук күрөш «Дордой» менен «Абдыш-Атанын» ортосунда жүрөт деп божомолдонгон. Бирок сезондун жүрүшүндө орусиялык жана украиналык легионерлер менен күчтөнгөн кочкор-аталык «Нефтичи» аталган 2 командаларга тишин көрсөтүп, татыктуу каршылаш боло алды. Алсак, акыркы 2 турда «нефтичилер» Бишкекте «Дордойду» 2:1 эсебинде жеңишсе, Кочкор-Атада “Абдыш-Ата” 2:0 эсебинде баш ийдирилди.
Кочкор-Аталыктардын менеджери Медер Сыдыковго байланышканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди: “Учурда командада маанай жакшы. Календардын акыркы оюндары бизге ыңгайлуулук жаратууда. «Дордой» жана «Абдыш-Ата» менен калган 2 оюнубуз Кочкор-Атада өтөт. Жана бул оюндарда футболчуларыбыз жеңиш үчүн жанын берүүгө даяр. Айта кетчү нерсе, стадионубузга Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Таш-Көмүр шаарларынан күйөрмандар келип, жан тартышууда. Анткени биз – чемпиондукка ат салышып жаткан Кочкор-Атанын эле эмес, бүт түштүк аймагынын жалгыз өкүлүбүз”.