18-19-сентябрда Алматыда ушу боюнча Казакстандын кубогу үчүн Эл аралык мелдеш өттү. Ага бизден “Гермес-профинин” 6 мушкери (Улукбек Маматов, Мирбек Сүйүнбаев, Алексей Федосеев, Айбек Дүйшөнбиев, Сталбек Дарканбаев жана Мирлан Ибраимов) жана ушу чебери Алмаз Тойчуев катышып келишти. “Гермесчилерден” Сталбек 70 килограмм салмакта чемпион аталса, Мирбек Сүйүнбаев коло жана Алексей Федосеев күмүш медалдарга татышты. Ал эми ушу-таулу боюнча мелдешке катышкан Алмаз 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болуп кайтты.