"Мектеп" ("Школа") аттуу тасмада продюсердик кылган Орусиянын биринчи каналынын башкы директору Константин Эрнст "ТЭФИ" сыйлыгына татыды. "Мыкты продюсер" наамын жеңип алган Эрнсттин тасмасы кино сынчылар тарабынан "Мектеп" сериалы – Орусиянын билим берүү тармагын каралаган тасма” деп бир топ сынга алынган. Бирок чыркыраган чындыкты чагылдырган фильм көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, популярдуулукка жетишкен.
Сыйлык тапшыруу салтанатында Константин Эрнст тасманын режиссёру Валерий Гай-Германик тууралуу “мен бул адамсыз "ТЭФИнин" жытын да жыттамак эмесмин” деген.