Голливуд актрисасы Линдсей Лохан сот жообуна тартылат. Актриса буга чейин эле баңгизатын колдонгондугу үчүн айыпталган. Кайрадан текшере келгенде Линдсей баңгизатын дагы деле колдонуп жүргөнү аныкталган. Мына ушундан улам эми актрисаны сот жообуна тартуу чечими чыгарылды.
Линдсей өзүнүн күнөөсүн моюнуна алган. Ошондой эле ал тартылып жаткан "Тазалоочу жер" ("Чистилище") кинотасмасы токтотулуп, анын карьерасына чек коюлуу коркунучу жаралууда. Эскерте кетсек, актрисанын соту үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында башталат.