"Айтыш фильм" студиясы "Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" аттуу долбоор менен бир топтон бери ийгиликтүү иштеп, чет жерлерге кыргыз тасмаларын таанытып келе жатат. Эми сентябрь айынын соңунда режиссёр Назым Мендибаировдун "Кемпир" аттуу тасмасынын бет ачар аземи Кино үйүндө өтмөкчү.