Латвия, Литва, Эстония жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында өтүүчү "Киношок" фестивалы ушул жылдын 12-сентябрында башталып, 19-сентябрда жыйынтыкталды. Гран-Прини латвиялык белгилүү режиссёр Шарунас Бартастын "Евразиец" тасмасы алды.
Аталган фестивалда мекендешибиз режиссёр Актан Арым Кубат өзүнүн "Свет аке" тасмасында "Эркектин мыкты ролу үчүн" сыйлыгын жеңип алды. Ал эми "Аялдын мыкты ролу" наамын "Кар ханышасындагы" Хелене Мерзин илип кетти. Мындан сырткары "Мыкты режиссура", "Мыкты сценарист" сыяктуу сыйлыктар өз ээлерин тапты.