Ырчы Земфиранын учурда каары кайнап, орусиялык бир интернет сайттын ээсин сотко берүүгө далалат кылууда. Мунун себебин ырчы айым: “Мен тууралуу чындыкка коошпогон видеосу үчүн ал компанияны сотко берем. Алардын порталында мен досторум менен кокаин тартып отурат экенмин. Мындай жалган каралоо менин репутацияма доо кетирет”,- деп жинденүүдө. Ал эми “Ньюс медиа-Рус” сайты "Земфиранын кокаин тартканы чындык" деп билдирүүдө.