Голливуд актёру Морган Фримен 26 жыл чогуу жашаган кемпири Мирна Колли Ли менен расмий түрдө ажырашты. Бул тууралуу Моргандын адвокаты “эч кандай ызы-чуусу жок, тынчтык жолу менен эле жубайлар эки жолго түшүштү” деп билдирет. Эскерте кетсек, атактуу актёрдун ажырашкан аялы – 2-никеси. Биринчи аялынан 4 баласы бар. Ошентип, 73 жаштагы Морган чал жалгыз калды.