Өзүнүн атактуулугуна таянабы же сүйүүгө дале маспы, айтор, Мадонна кезектеги "оюнун" баштады. Ал кандай "оюн" дейсизби? 52 жаштагы Мадонна 30 жаштагы актёр жигитти "чаап" алды. Мадоннанын кезектеги курмандыгы болгон Оскар Айзек поп-дива өзү режиссёрлук кылган тасмада башкы ролду жаратат. Кино тартуучу топтун айтымында, учурда Мадонна испан тилинде мыкты сүйлөгөн, кең далылуу, келбеттүү актёрду карыш жылдырбай жанында алып жүрүүдө.