"Супер сулуу" сынагы бүтүп калдыбы?" деп кабатыр болбоңуз. Болгону, ушул апта эc алат. Өткөн саныбыздагы сулуулардын кимиси жеңишке жеткенин билүүгө ашыксаңыз, №44-катар санындагы Айсулуу 43 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми анын атаандашы №55-катардагы Салтанат 14 добушка ээ болду.
Сынакка катышам деген ажарлуу бийкечтер үчүн биздин эшик дайыма ачык. Турмушка чыга элек, бою 165 сантиметрден жогору кыздар сынакка катыша алышат. Андыктан 0312 32-33-28 номерине чалып, толук маалымат алсаңыздар болот.