Канатбек Бегалиевдин саясатка аралашып, партияда жүргөнүн жакшы билесиздер. 2 кыздын атасы Канатбек уулдуу болуп, маңдайы жарыла кубанып турган кези. Айрыкча мырзалар эркек балалуу болсо “менин өзүм, орун басарым” деп сүйүнүшөт эмеспи. Анын сыңары Канат мырза да сүйүнүчүн биз менен бөлүштү.
“Азыр менден өткөн бактылуу адам болбосо керек. Келинчегим өзүнүн туулган күнү – 17-сентябрда мага, анан өзүнө белек кылып, уул төрөп берди. Атын үй-бүлөбүз менен кеңешип, мусулманча эле Алихан деп койдук”,- деди балбан толкунданып. 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлгөн баатырдын уулу атасын тартып кыргыздын керегине жараган чыгаан жигиттерден болушун каалайбыз.