“Тумар” радиосунун ди-джейи Бегайым Абдыкадырова 19-сентябрь күнү кыз төрөдү. Бегайымдын наристеси 2 килограмм 300 грамм салмакта жарык дүйнөгө келди. Тун небересине чоң ата-чоң эне, таята-таенеси кубанып, акылдуу, келечектүү кыздардан болсун деген тилекте Акылай деген ысымды ыйгарышты. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы.
Ди-джей айым бешик терметип, бала жытына балкып турган мезгили. Акылай кудум ата-энеси сыяктуу журналистикага салым кошкон кыздардан болсун. Кең келечек, балдай ширин балалык каалайбыз.