АЯЛДАР СЕКCТЕН БАШ ТАРТА ТУРГАН СЕБЕПТЕР КАЙСЫЛАР?

– Аялдарды түшүнүп болбойт. Төшөктө бирде жаныңды койбой эсиңди оодарса, бирде туруп себебин айтпай-дебей эле жанына жуутпай калат. Ушундан улам “аялдар кандай учурда төшөктөн баш тартышат?” деп сурайын дедим эле. Роха, Талас.
– Америкалык эксперттер аялдардын төшөктөн баш тартуу себептерин изилдеп чыгышкан. Төмөндө анын жыйынтыгы:

  • Өзүн семиз сезет. Эгер ушунусу үчүн төшөктөн баш тартып жатканын байкасаңыз, анда аны жактыраарыңызды, ал сиз үчүн сүйүктүү адам бойдон кала тургандыгын айтып түшүн­дүрүңүз. Эркелеткен сөздөр­дөн аянбаңыз.
  • Аны ичинин көпкөнү (ичтеги газдар) кыйнап жатат. Кээде ушундай майда нерсе деле секске жолтоо болот. Андыктан, ал эшикке чыгып же дааратканага барып бир топко жоголуп келүүсүнө мүмкүндүк бериңиз. Айым мындай учурда ичине саат жебеси боюнча массаж жасап, газдан арыла алат.
  • Этеккири келип жатышы мүмкүн. Мындай болсо, анын ою менен болгонуңуз оң.
  • Ал эски модадагы труса кийип жүрөт. Кээбир айымдар стринг-труса кийип, жыныстык мүчөлөрүн сезгенткиси келбей эски үлгүдөгү труса кийишет. Же модалуусун сатып алууга убактылары жок. Муну түшүнүү керек. Андыктан, чечинүүгө келгенде эшикке чыгып кетип, анын уялбай чечинип алуусуна мүм­күндүк бериңиз.
  • Өзүн кир жана тер жыттангандай сезет. Мындайын байкасаңыз, душка чогуу түшүүнү сунуштоодон ашкан нерсе жок.
  • Ага бир жолку кошулуу жетиштүү. Бир жолу оргазмга жетүү чек эмес экендигин, болгону, каалоо жетишпестигин түшүндүрүү керек.
  • Сизден жаман жыттын чыгып жатышы. Өбүшүп, кучакташып киргенде айымдын мурдуна жаман жыттын урунуусу албетте, каалоосун жоготот. Андыктан, гигиенаны сактап, кошулуу алдында жуунуу керек. Мындайда “сага шире апкелейин” деген шылтоо менен эшикке чыгып, жуунуп келе калыңыз.

ЖАЙЫНДА КАЙСЫ ЖЕРДЕ КУМАРГА БАТУУ АРТЫК?
– Көпчүлүк жубайлар секс үчүн эң жакшы орун деп уктоочу диванды эсептешет. Бул бара-бара жадатма көрүнүшкө айланышы толук мүмкүн. Андыктан, төшөк кумары үчүн өзгөчө жайында кандай жерлер ылайыктуу? Мисалы, эстен кеткис сезим тартуулай турган... Кады, Ош.
– Адамдын фантазиясынын чеги жок эмеспи. Кээбирлери гаражда, сарайда, чатырда, ашканада, бак ичинде, мончодо жана башка жерлерде секс менен алектенүүдөн канааттануу алышат. Булардан сырткары, табият коюнунда рахатка батуу деген да бар.

  • Ачык асман алдында. Жапжашыл дарак, чөптөр, жалбырактардын шуудуру, бетти аймалаган жел... Мындай учурда эмоцияга эрк бербөөгө да айла жок. Каалоо болсо, түрдүү ыкмаларды колдонсо, рахат көбүрөөк болот. Болгону, түнкүсүн шүүдүрүмдүү токой ичи сыз болоорун эске алуу керек.
  • Пляждагы секс. Жылуу кум, толкундардын шыбыры, кайкып учкан акчардактар... “Жылуу кумда жатуунун өзү сексти эңсетпейт” деп ким айтты? Болгону, чоочун көз­дөрдөн жана кумдун аялдын жана эркектин жанжерине кирип кетүүсүнөн сак болуу туура.
  • Суудагы рахат. Суунун таасири ыкмалардын түрүн колдонууну чектейт. Элдин көзүнөн далдоодо болуу үчүн ээн жер керек же суунун тереңирээк жерине баруу кажет. Болгону, кир жээкте (суу кир болсо) микробдор көп болгондуктан, мындай жерде кошулууга болбойт. Анткени, аялдын “алигиси” сезгенүүгө чалдыгуусу толук мүмкүн.
  • Чөп үймөктө. Чөптө туруп кошулуудан тышкары бардык ыкманы пайдаланууга болот. Болгону, шеригиңиздин чөптөн аллергиясы бар же жок экендигин тактап алууңуздар керек. Анан чөптүн курт-кумурскалар жок жерин тандаган оң.

ГРЫЖА МЕНЕН ТӨРӨӨГӨ БОЛОБУ?
– Менин чурайымда грыжа бар. Ал оорутпайт жана сыртка чыгып кетпейт. Мен төрөөнү пландап жаткандыктан, алдын-ала грыжаны алдырышым керекпи же төрөөгө анын залалы тийбейби? Бурма, Ош.
– Чурайдын грыжасы, адатта, баланы боюна көтөрүү жана төрөө процессин оордотпойт. Бирок, бул дарыланбай коюуга болот дегендик эмес. Андыктан, хирургга кайрылып, грыжанын чоң-кичинесин тактатуу керек. Эгер врач операцияны сунуштаса, макул болуп, бойго бүтүрүүнү кийинкиге жылдыруу зарыл.

СЕКС УЧУРУНДА КАНДАЙ ЖАРАКАТКА КАБЫЛУУ МҮМКҮН?
– Төшөктө жыргалга батуу учурунда тиштегилеп жаракатка кабылтуу же түрдүү ыкманы колдоном деп жатып буттун-колдун тарамышын созуп алуу ыктымал. Бирок, мындан башка да кандай жаракатка кабылуу мүмкүн? Угушума караганда, төшөктөн түз ооруканага түшкөндөр болот экен. Роза, Бишкек.
– Сексте катуу кумарланууда адам өзүн коргоону унутуп коёт. Ушунун айынан планетабыздагы адамдардын үчтөн бири дене жаракаттарына кабылышат. Булардын арасында өзүн-өзү жаракатка кабылткандар да бар. Мисалы, айымдар өздөрүн- өздөрү канааттандыруу максатында эмнени гана колдонушпайт?! Врачтар аялдардын “алигилеринен” лампочкаларды, парафин шамдарын, чөнтөк телефондорун жана башкаларды алып чыккан мисалдар көп. Кээде жаракатты төшөктөш шериктер тартуулайт. Мисалы, тиштегилеп, соруп өбүүнүн айынан эртеси канталап, шишип калган эмчектин үрпү, бир нерсеге урунган же тырмак тыткан жердин шишип чыгуусу. Мунун баары дүүлүккөн маалда оорутууну сезүү азая тургандыгынын кесепети.
Оралдык сексте да жаракатка кабылуу бар. Мисалы, айым эркектин бел суусун жутканда анысы дем алуу жолдоруна кирип кетип, өмүрүнө коркунуч туулган учурлар катталган.
Кээде кышкысын сүйүү оюнунун кызыгына батып, төшөктөн жылып кете берип, көчүктөрүн батареяларга күйгүзгөндөр да кездешкен. Кыскасы, жаракатка кабылуунун түрлөрү көп. Андыктан, төшөк да аяр мамилени талап кылат.

ЖАМБАШТЫ КӨРКТҮҮ КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОЛУ БАРБЫ?
– Менин жамбашым төрөгөнүмдөн соң эле шалпайып калды. “Эми күйөөсү болгон соң көрктүү жамбаштын эмне кереги бар?” деп ойлосоңуздар керек. Мен жакында жумушума кайра барам. Иштеген жерим – абройлуу жумуш. Демек, келбетим (жамбашым да) жакшы көрүнүш керек. Андыктан, жамбашымды мурункудай кантип көрктүү кыла алам? Диля, Бишкек.
– Жамбаш чымыр, анан томпоюп жакшынакай көрүнүш үчүн албетте, машыгуу зарыл. Атайын машыгуучу залдарда инструкторлор болгондуктан, алар кантип машыгуу керектигин көрсөтүп беришет. Үйдө машыгууну кааласаңыз, көнүгүүлөр бир топ. Алардын бир нечесин сунуштайбыз:

  • Полго малдаш токунуп отуруп, колду желкеге алуу керек. Бойду түз кармап, эми “баса баштаңыз”. Башкача айтканда, каздын басыгын туурагандай кыймылдаңыз. Бир топ алдыга жылган соң кайра артка кайтыңыз. Көнүгүү 8 ирет кайталанат.
  • Колду алдыга сунуп, түз жатыңыз. Бир бутуңузду тизеден бүгүп, аны көкүрөгүңүзгө алып келиңиз. Эми кезек экинчи бутуңузда. Көнүгүү ар бир бутка 20 жолу кайталанат.
  • Түз жатып, колду алдыга сунуңуз. Эми жамбашты өйдө кө­төрүп, кайра акырындап түшү­рүңүз. Кө­нүгүүнү жасап жатканда баш, колдор жана ийин полдон көтө­рүлбөш керек. Көнүгүү 6-7 жолу жасалат.

Жамбашты көрктүү көрсө­түү жагында жакында АКШда жаңылык пайда болгонун кошо кетели. Башкача айтканда, жамбаш үчүн лифчик ойлонулуп табылды. Идея Карин Харт аттуу айымга тиешелүү. Лифчик ичке тасмалардан турат жана жамбашты тартып, чымыр көрсөтөт. Азырынча бул буюм АКШда гана 30 доллардан сатылууда. Буга суроо-талап көп болсо, мүмкүн, күтө турсак, акырындап бизге да жетээр.

Даярдаган Венера Камалова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан